«Менин тандоом бар». Нур-Султанда жана Алматада таза президенттик шайлоо үчүн митинг болуп өттү

Выступления в Нур-Султане и Алматы

Posted by Radio Azattyq on Tuesday, April 30, 2019

Материал 17:26да жаңыртылды.

Бир эле маалда Казакстандын эки шаарында жүздөгөн адам президенттик шайлоону таза өткөрүүгө үндөп, анын ичинде сөз эркиндигин талап кылышты.

Митингдер 1-май күнү түшкө маал башталып, үч сааттан ашык созулган. Митингдердин бири Алматанын Борбордук сейил багында өткөн, «Азаттык» үналгысынын маалыматы боюнча, ал митингге үч жүздөн ашуун адам чыккан. Экинчи митинг Нур-Султандагы мурдагы конгресс холлдун имаратынын алдында башталган.

«Шайлоону бойкоттоону сунуштайм. Анда [шайлоодо] Токаев утуп чыгат. Андан кийин ал бийликти Дарига Назарбаевага же [Нурсултан Назарбаевдин] башка туугандарына өткөрүп берет», — деди митингчилердин бирөөсү.

Митингдин башка катышуучулары «Нур-Султан — менин борборум эмес», «Менин тандоом бар», «Маскаралык!», «Бойкот!» жана «Саясий туткундарга боштондук» деп кыйкырып жатышты.

Чогулгандар саясий туткундарды бошотууну талап кылып, бийликти «калп саясат» жүргүзүүгө айыпташты.

Митингдерге прокурорлор, милиционерлер жана спецназ келишкен. Нур-Султан прокуратурасынын өкүлү нааразычылык акциясы шаар бийлиги менен макулдашылбагандыктан, митингчилерди бир саат аралыгында таркап кетүүнү суранган. Алматанын бийлиги да нааразычылык акциясынын катышуучуларын ушул эле себептерге байланыштуу таркап кетүүгө чакырган.

Митингчилер таркап кетүүдөн баш тартышып, Нур-Султан шаарынын көчөлөрүндө колонна менен басып өтүшкөн. Катышуучулар кармалгандарды бошотууну суранышып, «Бийлик — бул эл» деп кыйкырык көтөрүшкөн. Митинг учурунда полицейскийлер нааразычылык акциясынын кээ бир катышуучуларын гана кармаган.

Митингден кийинки кармоолор

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, полиция Алматанын Борбордук сейил багынан чыгып жаткан митингдин катышуучуларын массалык түрдө кармаган. 

Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнда өтөт. Бул Казакстанды өлкө эгемендикке ээ болгон күндөн тарта алмашпай башкарып келген Нурсултан Назарбаевдин отставкасынан кийинки алгачкы президенттик шайлоо.

Мурдараак Алматанын активисттери «Чындыктан качып кутулбайсың #adilsailayushin #менинтандоомбар» деген сөздөрү бар көрнөктөрдү орнотушкан. Аларды милиция кармап, ошол эле күнү сот эки активист Асия Тулесова менен Бейбарыс Толымбековду 15 суткага камакка алуу өкүмүн чыгарган.

Андан соң казакстандык Роман Захаров Алматанын көпүрөсүндө Конституциядан алынган «Мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы — бул эл» деген цитатасы бар көрнөктү орноткондугу үчүн штрафка жыгылган.

ТЕМА БОЮНЧА: