Алайда дүлөй адамдар бала уурдоого айыпталып тепкиге кабылышты. Тургундар алардын кулагы укпаганына ишенген эмес

Окуя 28-апрелде Ош облусунун Алай районуна караштуу Корул айылында болгон. Аталган айылдын тургундары үч дүлөй жигитти бала уурдоого айыптаган.

Дүлөй жигиттер колдорун жаңсап орозо айына карата жылсанак сатканы келишкенин түшүндүрүп бере албай коюшкан.

Материал саат 17:40та жаңыртылды

«Бала уурдоого шектелгендер. Алар калп эле дүлөй болуп көрүнүп жатышат. Силер кайдан келдиңер? Эмнеге келдиңер?» — видеону тартып жаткан кишинин айткандарын угууга болот.

«Клооптун» редакциясы сурдокотормочу Мээргүл Каракозуевага кайрылып, тасмадагы дүлөй балдардын кол жаңсоолорун түшүндүрмөсүн алды: «Эмнеге бизди уруп жатасыздар? Биз бул жерден эмеспиз. Кечиресиздер! Биз укпайбыз», — деп жаңсоо тилин которуп берди Каракозуева.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргалбек Аскарбек уулу «Клоопко» айтып бергендей, айрым мектеп окуучуларга белгисиз кишилер аларга унаага олтургула, балмуздак алып беребиз деп айтышкан дейт.

«Жаш балдар аларды сүйлөдү деп жатат. Булар үймө-үй кыдырганда кээ бирлеринен “үйүңдө ким бар?” деп сурашкан экен. Ошондо тургундар чогула башташкан», — деп билдирди Аскарбек уулу.

Ош облустук милициясынан тепкиге алуу фактысын жана тасмадагы адамдар дүлөй болгонун тастыкташты. Балдардын дүлөй болгонун аныктоо үчүн укук коргоо органдары сурдокотормочу жалдаган. Жабыркагандар айыл тургундарынын үстүнөн арыз жазышкан, милиция иликтөөнү баштады.

«Жолдо бараткан үч дудук бала эшек минип бараткан баланы көрүп калат. Жаш балага “эшегиңди берип тур, сүрөткө түшүп алалы” дешкен. Ал дүлөй балдардын тилин түшүнбөгөндүктөн агаларына “мени алып кетем деп жатат” деп ыйлап барган. Андан соң тургундар келип дүлөй балдарды бир-эки жолу уруп жиберишкен», — дейт облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Аширбаев тепкиге алгандардын үстүнөн «жалган маалымат таратуу» жана «кол көтөрүү» фактысы боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Редакторлору: Айдай Беделбек кызы, Элвира Султанмурат кызы