АКШ элчилиги Бишкекте абанын сапаты тууралуу маалымат чогултуучу жабдуу орнотту

Бишкектеги абанын сапатын текшерүү үчүн аппарат. Сүрөт: Кыргызстандагы АКШ элчилигинин басма сөз кызматы

Бишкектин абасынын сапатына байкоо жүргүзүү боюнча жабдуу 3-майда ишке кирди. Жабдуунун баасы 150 миң долларды түздү. Ар бир каалоочу абанын булгануусунун деңгээлин онлайн көрө алат, ал эми бул жерден шаардагы абанын булганышу тууралуу кенен нускама менен таанышса болот.

Кыргызстандагы АКШнын элчиси Дональд Лунун айтымында, мындай аппараттар дүйнөнүн 57 шаарына орнотулган.

«Биз маалыматты коомчулукка жеткиликтүү кылууну жана маалыматтарды саат сайын жаңылоону пландап жатабыз. Ошондой эле көп жылдар бою маалыматтардын тактыгын камсыздап туруу үчүн АКШдан мониторду жөндөөчү команда алып келүү милдетин алабыз», — деди ал.

Элчиликтин кызматкери Майкл Шердин айтымында, бул түзмөк РМ2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн курамын өлчөйт. Бул бөлүкчөлөрдүн курамында көөнүн, асфальттын, автоунаа дөңгөлөктөрүнүн, туздардын, оор металлдардын байланыштары жана башкалардын майда бөлүктөрү бар болушу мүмкүн.

Мындай бөлүкчөлөрдүн массалык концентрациясы — абанын сапатын баалоо үчүн жана адамдын ден соолугуна келтирүүчү коркунучу үчүн негизги көрсөткүч болуп саналат. Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюмунун (БДСУ) нормалары боюнча РМ2.5 бөлүкчөсүнүн жылдык орточо деңгээли 10 мкг/м3, күндүк орточо деңгээли 25 мкг/м3 ашпашы керек.

АКШнын элчилиги абанын булганышы тууралуу маалыматтарды өкмөт, Кыргызгидромет жана Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамагентиги менен алмашууну пландоодо.

Бишкектеги абанын булганышы

Бишкектеги абанын булганып жаткандыгы тууралуу маселе 2017-жылы кара түтүн шаар тургундарына көрүнө баштагандан кийин активдүү талкуулана баштаган.

«МувГрин» экологиялык кыймылы ошондо Бишкекте бир нече датчик орноткон, бул түзмөктөр абадагы РМ2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн курамын өлчөйт. Алардын отчётуна ылайык, кыш айларында бул бөлүкчөлөрдүн деңгээли белгиленген норманын чегинен ашып кетет. Абанын өзгөчө катуу булганышы кечки маалга — адамдар жумуштарынан өз үйлөрүнө автоунаа менен кайтып баратканда жана өз үйлөрүн көмүр менен жылытып жаткан учурларга туура келет.

Бирок мамлекеттик органдар бул датчиктерден алынган маалыматтарды таанышпайт, анткени алар уруксатсыз орнотулган. Анткени менен 2018-жылы бийлик Бишкектеги абанын булганышынын деңгээли белгиленген норманын чегинде деп айтып башташкан. Бирок 2017-жылы Кыргызгидромет маалымдагандай, абанын булганышынын деңгээли эки-үч эсеге жогорулаган.

Бийликтегилер Бишкекте абанын булганышына транспорттордон чыккан газ негизги себеп деп эсептешет. Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) маалыматына ылайык, 2018-жылдын аягына карата борбор калаада 420 миңге чукул автоунаа катталган, бирок шаар максимум 50 миң машинага гана ылайыкталган.

Машиналардан тышкары, Бишкектеги абаны дизель менен иштеген маршруткалар да булгайт. Дизелден бөлүнүп чыгуучу көөнүн майда бөлүкчөлөрү өпкөгө кирип, инсульт жана жүрөк ооруларына алып келип, приступка чалдыгуу коркунучун жогорулатат.

Ошондой эле абаны үйдү көмүр менен жылытып, түтүн чыккычка чыпка орнотулгабаган жеке секторлор да булгайт. Экологдордун айтымында, абанын сапатына көп батирлүү үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБиндеги чыгындылар да таасир этет. Бирок бийлик жылуулук борборунда күчтүү чыпкалар турат, алар катуу бөлүкчөлөрдүн чыгып кетишин 97 пайызга тазалайт деп эсептешет.

ТЕМА БОЮНЧА: