Батукаевди бошотуу үчүн документтерди жасалмалаган делип балдар онкологу камакка алынды

Эмил Макимбетов. Сүрөт: «Кабар» басылмасы

Бишкектин Биринчи май райсоту врач онколог Эмил Макимбетов менен гематолог Ирина Цопованы ТИЗО-1ге 27-июнга чейин киргизди. Алар коррупцияга, документтерди жасоого жана кызматтык жасалмалоого катыштыгы бар деп айыпталышууда.

Милиция врачтарды Башкы прокуратура 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаев кантип ден соолугуна байланыштуу абактан чыгып кете алганын иликтей баштагандыктан улам кармаган.

Онкологиялык оорулуу балдардын ата-энелери Башкы прокуратура менен Биринчи май райондук сотунан камакка алынган Макимбетовду үй камагына чыгарууну суранышты.

«Макимбетов чукул арада алты балага операция жасамак. Бирок камакка алынгандыктан операциялар белгисиз мөөнөткө калды жана балдардын өмүрү коркунучта. Себеби, бул операцияны Кыргызстанда жалгыз гана Макимбетов жасай алат [...] Оорулуу балдардын жалгыз үмүтү - онколог Макимбетовдо», — деп айтылат ата-энелердин катында.

Кайрылууга кээ бир врачтар, «Жардам берген оңой» жана «Эргене» фондулары кол коюшкан.

«Эргене» фондусунун башчысы Таалайгүл Сабырбекованын айтымында, камакка алынган врач Макимбетов — балдар оноклогиясындагы жападан-жалгыз профессор.

«Ал дарылап эле чектелбей, жаш адистерди да окутат. Анан илгерки бир иш үчүн эле, жооптуу адамдарды эмес, аткаруучуларды камап койгону туура эмес», — деп айтып берди активист «Азатыкка».

Анын пикири боюнча, Макимбетов «оюндардын курмандыгы» болуп калган жана «буйрук ага жогорудан түшкөн», ал өз жумушун аткарган.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жана Жогорку соттун төрайымы Гүлнара Калиева апрель айында Батукаевдин бошотулушу боюнча иш кайра жандандырылаалырын айтышкан.

Батукаевдин бошотулушу

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013жылы бошотулган. Аны бошотууга атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен күчөтүлгөн тартиптеги № 24-колониянын дарыгери коюп берген «кандын күчөгөн лейкозу» аттуу дарт белгиси негиз болгон.

Мындан кийин медициналык корутунду жасалма экендиги белгилүү болуп, Нарын шаардык соту Батукаевдин бошотулушу тууралуу өз чечимин артка кайтарган. Бирок Батукаев өлкөдөн чыгып кеткен.

Батукаев бир катар беренелер, анын ичинде массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.