Дүлөйлөрдүн тепкиге кабылышы: Ошто жабыркагандардын 50гө чукул жакыны нааразычылыкка чыгышты

Нааразычылыкка чыккандар. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу.  / Kloop.kg

Нааразычылык акциясы 6-майда Ош шаарынын борбордук аянтында өттү. Митингдин катышуучулары апрель айынын соңунда Алай районунда үч дүлөй жигиттин жергиликтүүлөр тарабынан тепкиге алынгандыгы боюнча тиешелүү жаза алынышын талап кылышты.

Жабыркаган балдардын биринин апасы Сонайым Мырзаеванын «Клоопко» билдиришинче, анын уулу достору менен Алайга акча табуу үчүн барган.

«Төрт күн иштеп келем деп кеткен. Эки күндөн кийин эле жумуш болбой калды деп кайра келип калды. Анан эле жатып алган. Көрсө ошол күнү булар тепкиге кабылган экен. Бул балдардын күнөөсү эмне? Алар жөн гана тиричилик кылуу үчүн иштегени барышкан»,— дейт ал.

Ал эми Кара-Суу районундагы дүлөй балдар жатак мектебинин мугалими Сайрагүл Самибаева, анын окуучулары жалган маалыматтын курмандыгы болуп калды деп эсептейт.

«Алар соодасын кылуу үчүн машинасын айдап бара жатышса, айылдагы жаш балдар таш менен атышкан. Бир аксакалга айтып ал балдарга түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Анан ошол эле айылдан бир тургун келип алардын машинасынын номерин сүрөткө тартып кеткен. Анан эле айылдыктар чогулуп ошол видеодогу окуя орун алат. Булар баары тартиптүү, мектепте жакшы окуган балдар. Мен ошол видеону көрүп аябай ыйладым», — дейт Самиева.

Нааразычылык акциясы тынчтык жолу менен өтүп, бир нече милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөп турушту.

«Азыр жалпы баарына түшүндүрдүк. Эки берене боюнча ["жалган маалымат таратуу" жана "кол көтөрүү"] териштирүү жүрүп жатат. Жабырлануучуларды соттук-медициналык экспертизага 3-майда жөнөткөнбүз. Денелерине канчалык зыян келтирилди, анан машинасынын бир эки жери да эңшерилген экен, аны да карашыбыз керек. Тергөө эми башталды», — деп билдирди облустук ИИБнин маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Окуя 28-апрелде Ош облусунун Алай районунун Корул айылында болгон. Анда агрессивдүү маанайдагы тургундар үч дүлөй жигитти бала урдоого айыптап тепкилешкен.

Айылдын чогулган тургундары дүлөй балдардан түшүндүрмө талап кылышкан. Бирок алар кол менен жаңсоолор аркылуу өздөрүнүн орозо айына карата жылсанак сатканы келгенин түшүнүрүп бере алышкан эмес. Кийин жабырлануучулар тургундардын үстүнөн милицияга арыз жазышкан.

Редакторлору: Айдай Беделбек кызы, Элвира Султанмурат кызы