Элчибиз туура кылган — Түркиянын ТИМи муфтият уюштурган ооз ачууда чыккан чыр тууралуу

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги алардын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат «Сапат» лицейлер тармагынын директору Орхан Инанды катышкан ооз ачуудан көрсөтмөлүү кетип туура реакция кылганын маалымдады.

Түркияда бул лицейлердин ФЕТО террористтик уюмуна тиешелери бар деп эсептешет. Ведомство билдиргендей, ФЕТОго каршы күрөшүү Түркиянын артыкчылыктуу максаттарынын бири.

«ФЕТО бар жерде бул террористтик уюм көптөгөн өлкөлөрдөгү кесиптештерибиз үчүн коркунуч жаратаарын көшөрүү менен түшүндүрдүк. Биз достук мамиледеги расмий бийликтер гана эле эмес, алардын улуттук институттары да бул маселеге кылдат карашат деп күтөбүз», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 8-май күнү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (КМДБ) Бишкектин «Дасмия» ресторанында уюштурган ооз ачуудан көрсөтмөлүү кетип калган. Мындай жүрүм-турумга ооз ачууда «Сапат» лицейлер тармагынын директору Орхан Инанды жүргөнү себеп болгон.

Камил Фыраттын айтымында, Инанды — бул ФЕТО террористтик уюмунун мүчөсү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.

Түркиянын ФЕТО менен күрөшүүсү

Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактары оппозиционер Фетхуллах Гүлен жана анын ФЕТО уюму тарабынан каржыланат деп эсептейт. Түркияда бул уюм террористтик деп табылган, ал эми Гүлен өзү 2016-жылдагы мамтөңкөрүш аракетине айыпталган.

Кыргызстандын бийлиги лицейлер тармагын «Себаттан» «Сапатка» өзгөртүп, Түркия менен мамилени бузбаш үчүн директорлор кеңешинин курамына Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүн киргизген.

Жүзөгө ашпай калган төңкөрүштөн кийин түрк бийлиги миңдеген камакка алууларды жүргүзүп, жүздөгөн адамдарды ФЕТОго байланыштары бар деп соттогон. Ал эми Гүлен өзү мамлекеттик төңкөрүш уюштурбаганын айтып чыккан.

Азыр ал АКШда жашайт. Түркия бир нече жолу америка бийлигинен аны өткөрүп берүүнү талап кылып, бирок АКШ баш тарып койгон.

ТЕМА БОЮНЧА: