Эсеп палатасы Билим берүү министрлигинде 21 млн сомдук бузууларды тапты

Эсеп палатасынын аудиторлорунун маалыматына ылайык, министрлик 8,8 млн сом өлчөмүндө маяналарды негизсиз төлөгөн жана 1,5 млн сомдук товардык материалдык баалуулуктар менен акча каражаттарын эсептен чыгарып жазган.

«Айлык төлөөдө көптөгөн бузуулар төмөнкүлөрдө аныкталды: борбордук аппаратта, Улуттук тестирлөө борборунда, Угуусу начарлар үчүн №21 Респуликалык атайын мектеп интернатында [жана башка мектептерде]», — деп айтылат Эсеп палатасынын маалыматында.

Ошондой эле ведомство Билим берүү министрлиги өз максатына жетпей калган иш-чараларга 1,3 млн сомду ыксыз коротуп, ченемден ашык, 12,5 млн сомго товарларларды жана кызматтарды сатып алганын аныктаган.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, аныкталган бузуулар бюджеттин 0,07 пайызын гана түзөт — ведомствого 29 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнөт, ал эми финансылык бузуулар болгону 21 млн сомго эле табылган.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 21 млн сомдун ичинен 8,6 млн сомду калыбына келтирилүүгө туура келбей калган. Ошол эле маалда ведомство өлкөнүн бюджетине 7 млн сомдон бир аз ашуун каражатты кайтарган.

Министрликтен «бөлүнгөн каражаттардын сарпталышына үзгүлтүксүз талдоо жана көзөмөл» жүргүзүлүүдө деп билдиришти.