Ишкер Токтогазиевге айыл чарба министринин орун басарлык кызматын сунушташты

Ишкер Тилек Токтогазиев министрдин орун басары болууну сунушташты деп билдирди.

Предлагают пост заместителя Министра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации КР.

Posted by Tilek Toktogaziev on Wednesday, May 29, 2019

Ал жообун 29-май күнү кечинде теледебаттан берээрин убадалады. Ал теледебатка өкмөттүн талапкери Эркинбек Чодуевди чакырган эле.

Буга чейин бир нече саат мурда депутаттар айыл чарба министрлик кызматка Чодуевдин талапкерлигин жактырышкан. Эми президент Сооронбай Жээнбеков аны бул кызматка дайындоо туралуу жарлыкка кол коюшу керек.

Эркинбек Чодуев 2014-жылдан тарта айыл чарба министринин орун басары болуп иштеп келет. Анын министрлик кызматка талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган. Ал Токтогазиевдин министрлик кызматка талапкерлигин ишкердин тажрыйбасынын жоктугу менен негиздеп колдобой койгон.

Токтогазиевди министрлик кызматка 24-майда Нурбек Мурашев отставкага кеткенден кийин парламенттин «Бир Бол» фракциясы сунуштаган. Мурашев министрликтин дарегине айтылган сын-пикрлердин шартында отставкага кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА: