ЖМК: Бишкекте жарылуу болду, жабыркагандар бар

Сүрөт: Kaktus.Media

3-июнь күнү эртең менен Бишкекте Логвиненко жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдо жарылуу болгон.

«Ысык суу челеги жарылган. Суу белоктук цехтин иштер үчүн керектелген. “Кыргыз темир жолунун” башкы директорунун буйругу менен жарылуунун келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлдү», — деди ишкананын башкы инженери Николай Лиличенко.

Бишкектин ыкчам медицина борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдиргендей, жарылуу учурунда төрт адам жабыркаган. Алар оор абалда ооруканага жеткирилишкен.