Сот Атамбаевдин администрациясында сот реформасына жооп берген Манас Арабаевди бир айга камакка алды

Манас Арабаев. Сүрөт: «АКИ пресс»

Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевди бир айга камакка алды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аны «коррупция», «кызматтык абалынан кыянат пайдалануу» боюнча айыптоодо. Тергөө бул «чет элдик инвесторлордун объекттерин рейдерлик басып алууга» алып келген деп эсептейт. УКМК кайсы объекттер тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Арабаев президенттин администрациясында 2015-2018-жылдары бөлүм башчы болуп иштеген.

Бул убакыт аралыгында ал бир нече жолу «сотторго басым кылууда» делип айыпталган — эң эле чуу жараткан билдирүүлөрдүн кээ бирлери 2016-жылы депутат Канатбек Исаев, андан кийин 2018-жылы апрелде мурдагы судья Максуда Оморова тарабынан айтылган.

Парламентарийдин айтымында, Арабаев менен УКМКнын антикоррупциялык кызматынын мурдагы кызматкери Алмаз Маткасымов соттордо «[өздөрүнө керектүү] чечимдерди чыгартышкан».

«Кокус, булардын буйругун кайсы бир сот аткарбай койсо - ал сөзсүз жумуштан айдалат. Болбой эле калды дегенде алыскы районго бир жылга "сүргүнгө" кетет. Ар кандай себептер менен он бештей сот кызматынан четтетилди. Ушундай абалдан кийин "көз каранды эмес сот бийлигин орнотобуз" деген максатыбыз жөн гана куру сөз болуп калды», — деп келтирет депутаттын айткандарын «Азаттык».

Өз кезегинде Оморова фэйсбук барагында Арабаев менен Маткасымов кызы Гульчехра Оморованы «Ак үйдүн көрсөтмөсүн» аткарбай койгондугу үчүн судьялык кызматтан кетирип салышканын жазган.

Башкы прокуратура 2018-жылы Арабаевдин соттордун ишмердигине кийлигишкен болушу мүмкүндүгүн текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Текшерүү кылмыштын курамын тапкан эмес.

Редактору: Улугбек Акишев

ТЕМА БОЮНЧА: