Батукаевдин иши: Милиция депутат Зарылбек Рысалиевди суракка чакырды

Зарылбек Рысалиев

Парламентарий «АКИпресс» басылмасына маалымдагандай, аны суракка кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча чакырышкан. Кримтөбөл жасалма «лейкоз» диагнозу боюнча 2013-жылы эркиндикке чыгарылган. Ал убакты Рысалиев Жазаларды аткаруу боюнча мамкызматты жетектеп турган.

Басылманын маалыматтарына ылайык, Рысалиев эртең мененки саат 10 баштап ИИМдин тергөө башкармалыгында суракта. Бирок башка ММКлар эл өкүлү түшкү саат экиден бери ИИМде экенин жазышууда. Министрликтин өзүнөн бул маалыматты тастыктап да, төгүндөп да беришкен жок.

Рысалиев бир айга чукул убакыт мурда да суракка чакырылган жана ал ошондо бул ишке байланыштуу болгон бир нече мурдагы аткаминерлерди суракка алыш керек деп билдирген. Алар: экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы биринчи вице-премьер Шамил Атаханов жана башкалар.

Ал колунда кээ бир аткаминерлердин күнөөлүүлүгүнө далилдер бар экенин айтып, бирок алардын ысымдарын атаган эмес.

«Беш жылдан бери элдин көзүнө карай албай жүрөм, кайсы жерге барбайын баары тең “Батукаев досуң кандай жүрөт? Аман-эсенби?” Ушундай сөздөрдү кээде досторумдан да угам. Мени каралаган адамдар жаза алышы керек», — деди ал.

Учурда бул иш боюнча Салянова менен Атаханов кармалган. ИИМ азырынча Атамбаевди суракка чакыра элек, бирок бул иштин айрым фигуранттары кримтөбөлдү эркиндикке чыгаруу буйругун экс-президент өзү бергенин айтышууда.

Бийлик Батукаевдин бошотулушу тууралуу ишти 2019-жылы жазында кайра жандандырган. Кылмыш иши кайра жандандырылгандан кийин милиция врачтарды, бул иш боюнча чечим чыгарган судьяны жана прокурорду кармаган.

Батукаевдин иши Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу үчүн себептердин бири болуп калышы мүмкүн. Иликтөө менен бирге анын каршылашы жана азыркы президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыраткан жана кылмыш жоопкерчилигине тарта турган мыйзамга кол койгон. Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы араздашуу бир жылдан ашуун убакыттан бери уланууда.

Авторлошу: Айгерим Рыскулбекова