Кыргызстан жолдордун курулушу менен археологиялык казуулар үчүн Кытайдан 86 млн $ грант алат

Си Цзиньпин менен Сооронбай Жээнбеков. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинь менен жолугушуу учурунда Кытай тараптан 600 млн юань (86 млн $) алуу тууралуу макулдашуу анын апрель айында Кытайга болгон сапары учурунда жетишилгенин билдирди.

«Кыргызстанда Кытай менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлордун социалдык-экономикалык мааниси бар, алар энергетика, транспорт жана жолдорду куруу тармагында ишке ашырылууда. Кыргызстандын Кытай менен болгон импортунун өсүшү экспорттун өсүшүнөн кыйла алдыда», — деп келтирет Kaktus.Media Жээнбековдун айткандарын.

Ал Кытайдын жардамы менен Кыргызстанда «экономиканын өнүгүшүнө багытталган масштабдуу долбоорлор» ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

«Спутник» басылмасы президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковго таянып билдиргендей, кытай грантын берүү боюнча процесс башталган.

Кыргызстандын бийлиги гранттык каражаттарды фитосанитардык лабораторияларды, андан тышкары, Бишкекте жолдорду курууга жумшайт. Ошондой эле бийлик «эки элдин тарыхый мурасын сактап калуу» үчүн археологиялык казууларды каржыламакчы.