Парламентте Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 13-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Ага 12 депутат кирди:

  • Каныбек Иманалиев («Ата Мекен» фракциясы);
  • Өмүрбек Бакиров (КСДП фракциясы);
  • Евгения Строкова (КСДП фракциясы);
  • Кожобек Рыспаев (КСДП фракциясы);
  • Максатбек Эгембердиев (КСДП фракциясы);
  • Талант Мамытов («Республика — Ата Журт» фракциясы);
  • Бактыбек Райымкулов («Республика — Ата Журт» фракциясы);
  • Жыргалбек Турускулов («Республика — Ата Журт» фракциясы);
  • Канатбек Исаев («Кыргызстан» фракциясы);
  • Алмазбек Токторов («Кыргызстан» фракциясы);
  • Алтынбек Жунус уулу («Өнүгүү — Прогресс» фракциясы);
  • Бактыбек Турусбеков («Бир Бол» фракциясы);

Депутаттар Атамбаевди «чимкирик парламент» тууралуу айткан сөздөрүнөн кийин кол тийбестиктен ажыратуу маселеси боюнча комиссия түзүүнү чечишкен. Экс-президент бул сөздөрдү 8-июнда КСДПдагы тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып айткан эле.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева «эл экс-президентти камакка алууга жол бербейт» деп билдирди.

16-майда президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу механизми тууралуу мыйзамга кол койгон. Документ жаңы процедураны киргизет жана ага ылайык, мамлекеттин мурдагы башчысы сот адилеттигинин алдында коргоодон ажыратылышы мүмкүн, демек жоопкерчиликке тартылышы да мүмкүн — бирок ал президент болуп турган кездеги иштери үчүн гана.

Ошондой эле мыйзам мурдагы президенттерге саясий ишмердик кылууга тыюу салат, мисалы, партияны башкарууга же анын мүчөсү болууга — бул үчүн алар өмүрлөрүнүн аягына чейинки мамлекеттик материалдык колдоодон ажырап калуулары мүмкүн.

Кыргызстанда экс-президент макамына ээ эки адам бар — Кыргызстанды 2010-жылы апрель революциясынан кийин башкарган Роза Отунбаева жана 2011-жылы алты жылга шайланган Алмазбек Атамбаев.

ТЕМА БОЮНЧА: