Батукаевдин иши: Сот Динара Сагынбаеваны Улуттук госпиталдагы башкы врач кызматынан бошотту

ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, соттун чечими боюнча Динара Сагынбаева Улуттук госпиталдын башкы дарыгерлик кызматынан бошотулду. Сот мындай чечимди тергөөнүн өтүнүчү боюнча кабыл алган.

Сагынбаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси бар делип шектелүүдө. Ал ошол убакта саламаттык сактоо министрлигинин башчысы болуп иштеп турган.

Мурдагы саламаттык сактоо министри 15-майда камакка алынган, бирок бир аптадан кийин үй камагына коё берилген. Ал соттун токтому боюнча үйдө кечки саат 10дон эртең мененки 6га чейин болушу керек болчу, ошондуктан ал жумушка барып турган.

Кыргызстандын бийлиги аталган иш боюнча Сагынбаевадан тышкары экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановду, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы кармаган. Ошондой эле, Батукаевдин бошотулушуна негиз болгон «лейкоз» диагнозун койгон дарыгерлер да камакка алынган.

Кийинчерээк медициналык корутунду жасалма экендиги белгилүү болгон, бирок Батукаев өлкөдөн чыгып кетүүгө жетишкен.