Путин Ошто жашайт — ымыркайга Орусия президентинин ысымы берилген

10 айлык Путин Айдаровдун ысымы орус лидеринин атынан коюлган, анткени ымыркайдын чоң атасы Камалдин Айдаров Орусиянын президенти менен сыймыктанып келет. Андан тышкары, небересинин мүнөзү президенттикиндей «бекем болушун» каалайт.

«Ал мурдагы жылы жайында төрөлгөн. Атам ага Путин деген ысымды берүүнү чечкен, биз каршы болгон жокпуз», — деди баланын атасы «АКИпресске».

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынан Путин Айдаровдун атына туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн берилгендигин тастыкташты.

Владимир Путин — Орусиянын учурдагы презинти, ал өлкөнү башкарууга 2000-жылы киришип, ошондон бери бул кызматка төрт жолу шайланган.