ШКУ саммити: Мэрия кортеждер өтүп жаткан аймактагы гипермаркеттерде спирт ичимдиктерин сатпай турууну сунуштады

Социалдык тармактарда «Фрунзе» гипермаркетинен тартылган жарыялардын сүрөттөрү пайда болгон. Анда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине карата спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынганы жазылган.

«Бизге Бишкек мэриясынан ликер-арак ичимдиктерди сатууну убактылуу токтото туруу жөнүндө кат келген. Бул так гана шаардын ШКУнун катышуучулары өтө турчу жерлеринде коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого байланыштуу болгон», — деп айтты «Фрунзе» гипермаркеттеринин маркетинг бөлүмүнүн башчысынын орун басары Натали Каширина.

Анын айтымында, чектөөлөр 4-5 гипермаркетке гана тиешелүү болду. Ошондой эле мэрия алардан гипермаркеттин кызматкерлерине ШКУнун саммитинин алдында «укук тартибин сактоо» тууралуу түшүндүрүү иштерин өткөрүүнү суранган.

«Глобус» гипермаркеттер тармагынан билдиришкендей, аларга мэриядан мындай талап келип түшкөн эмес.

Мэриянын өзүнөн бул маселе тууралуу маалыматты такташаарын убадалашты.