«Бул өтө сонун!» — кыргыз бийчилери America’s Got Talent конкурсуна катышышты

«Адем» кыргыз бий тобунун бийчилери Американын America’s Got Talent таланттар сынагынын тандап алуу баскычына катышышты.

Бийчилер сахнага белгилүү Mortal Kombat оюнунун кармаандарынын образдарында чыгышкан.

«Бизди америкалык Jabbawockeez тобунун America’s Got Talentке барып катышышканы шыктандырды. Биз аны Кыргызстандан көргөнбүз, алар бизди бийчи болууга шыктандырган. Ошондон кийин аталган сынакка катышууну максат кылганбыз», — деп айтып беришти кыргыз бийчилери сахнадан.

Сынактын калыстар тобу кыргыз бийчилерин бир добуштан колдоп беришти.

«Мен эч качан көрө элек нерселерди жакшы көрөм, силерде фантазия бар. Рахмат», — деп айтты калыстар тобунун мүчөсү Саймон Коуэлл.

Анын пикирине кесиптеши америкалык актриса Жулианна Хаф да кошулду.

«Бул өтө сонун! Силердин кыймылдарыңар ушунчалык так, таасирдүү жана чымырлуу экен», — деди ал.

Кыргыз бийчилеринин бийи Mortal Kombat оюнунун автору Эд Бунду да таасирлентти. Бул тууралуу ал твиттерге жазып чыкты.

Бул кыргыз бийчилеринин аталган образдарда өнөр көрсөтүшкөн алгачкы эле сахнага чыгуулары эмес. 2017-жылы октябрда балдар Азия таланттарынын шоусунда Mortal Kombatтын каармандары катары биринчи жолу сахнага чыгышкан.

Анда да калыстарга бий ушунчалык жагып калгандыктан, алар бийчилерге алтын баскычты ыйгарышкан. Бул алтын баскыч бийчилерге тандап алуу баскычынан өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн.

«Адем» бий тобу 2014-жылы бийчи Атай Өмүрзаковдун жетекчилиги астында түзүлгөн.