ЖМК: Москвада Борбор Азиянын атуулдары мушташып, бир киши каза тапты

ИИМдин Москвадагы башкы башкармалыгы маалымдагандай, 19-июнда «Электрозаводская» метро бекетинин кире беришинде бир нече адамдардын ортосунда мушташ чыккан. Жыйынтыгында бир адам каза таап, дагы үчөө жарадар болгон. Укук коргоо органдары адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгошту.

Орус ЖМКлары мушташтын катышуучулары «Ысык-Көл» ресторанында эс алып жатышкан Борбор Азиянын атуулдары экенин жазышууда. Айрым ЖМКлар каза тапкан адам менен жабыркагандар Кыргызстандан келгендер деп айтышууда.

«Мушташып жаткандардын бирөөсү бычак колдонгон, натыйжада бир адам каза таап, дагы үчөө жарадар болгон», — деп айткан күбөлөрдүн бири ТАСС агенттигине.

«Интерфакс» мушташка 10го чукул адам катышкандыгын жазган. «Жаңжалдын катышуучулары мас абалында болушкан жана жыгач таяктары менен бычак колдонушкан», — деп бидирди басылманын булагы.

Кыргызстандын ТИМинин басма сөз кызматынан мушташкандардын арасында Кыргызстандын жарандары болуп-болбогонун тактап жатат.