ЖМК: Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча өкмөттүн коргоо бөлүмүнүн экс башчысы Марат Бекенов кармалды

Бекеновдун кармашылы тууралуу 19-июнь күнү кечинде 24.kg жана vb.kg басылмалары жазып чыгышкан. Басылмалардын журналисттери маалыматты укук коргоо органдардагы өз булактарына таянып кабарлашкан.

ИИМден «Клооптун» журналисттерине мурдагы аткаминердин кармалуу фактысын тастыктоодон же төгүндөөдөн баш тартышты. «Тергөөнүн кызыкчыгына карата биз комментарий бербейбиз», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

vb.kgнин булагынын маалыматы боюнча, Бекенов 17-июнда кармалган.

24.kg Бекеновдун ыктымалдуу кармалгандыгы тууралуу маалыматтын чоо-жайын келтирген эмес. Ал 2010-жылы Кыргызстандын өкмөтүнүн аппаратындагы коопсуздукту, укук тартипти жана коргоо жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенген, тагыраагы Батукаевдин резонанс жараткан бошотулушунан үч жыл мурда. Мындан кийин Бекенов мамкызматта иштеген эмес.

Кыргызстандын бийлиги кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу ишти 2019-жылы жазында жандандырган.

Учурда бул ишке байланыштуу экс-башкы прокурор Аида Салянова камакта. Ошондой эле, мурдагы саламаттык министри Динара Сагынбаева менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да кармалып, кийинчерээк үй камагына коё берилген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери жана ага «лейкоз» диагнозун коюшкан врачтар да тиешелүү. Ушул диагноздун негизинде Батукаев колониядан чыгып, андан соң Кыргызстандан Чеченстанга учуп кеткен. Бирок, кийинчерээк диагноз жасалма экендиги аныкталган.

Кармоолордон тышкары, тергөө 2013-жылы мамкызматта иштеген бир катар мурдагы жана азыркы аткаминерлерди суракка алган. ЖАМКтын мурдагы башчысы жана азыркы депутат Зарылбек Рысалиев тергөөчүлөр экс-президент Алмазбек Атамбаевди суракка алышы керек деп билдирген.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Батукаевдин бошотулушуна Атамбаевди түздөн-түз эле күнөөлүү деп айткан. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Феликс Кулов жана камакта отурган депутат Өмүрбек Текебаев да билдиришкен. Депутаттык комиссия да мурдагы президент Батукаевди бошотуу буйругун берген деп айыптоодо.

Авторлошу: Айсымбат Токоева