Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу корутунду Башкы прокуратурага келип түштү

Kaktus.Media басылмасы 24-июнда маалымдагандай, депутаттык комиссиянын айыптоочу корутундусу Башкы прокуратурага келип түштү.

«Корутунду каралып жатат, бирок ал боюнча качан чечим чыгаары белгисиз», — деп билдиришкен басылмага башкы көзөмөл органынан.

20-июнда парламент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу демилгени колдоп берген — ал бул артыкчылыкка өлкө башчылык кызматынан кеткенден кийин ээ болгон.

Депутаттар Атамбаевди бийликти узурпациялоого, ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияга, кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга жана башка мыйзам бузуулар боюнча айыпташкан.

Атамбаев өзү учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков анын «оозун жабуу үчүн башка ыкма таппай турат», ошондуктан «ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоону» чечкен деп билдирген.

Парламент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну анын ордуна президенттик кызматка келген Сооронбай Жээнбеков менен араздашуусунун шартында чечкен. Саясатчылардын тиреши бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери уланууда.