Фарид Ниязов: Атамбаевдин тарапкерлери колдогону келишти, атайын чаралар колдонулбайт

Сүрөт: Акипресс

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү Фарид Ниязов билдиргендей, элдик штабдын негизги максаты — «мыйзамсыздык боюнча позицияны билдирүү жана мурдагы өлкө башчысына колдоо көрсөтүү».

«Атамбаев эгер кармала турган болсо кандай чараларга барууга даяр экени тууралуу суроону анын өзүнө бериш керек. [...] Атайын чаралар колдонулбайт. Алмазбек Атамбаев спектаклге катышпасын айтты, анткени ал тарых алдында Сооронбай Жээнбековдун мыйзамсыздыгын легитимдештирүүгө укуктуу эмес», — деп билдирди ал.

Ошондой эле Ниязов Атамбаевдин резиденциясынын кире беришине коюлган бетон тосмолорун жана анын үйүнүн жанына төгүлгөн таштар тууралуу комментарий берди.

«Бетон тосмолору ылдамдык менен кирүүгө мүмкүнчүлүк бербөө үчүн орнотулган. Ал жолду толугу менен жаап салган жок да. Таштар тууралуу айтсак, ал жакта курулуш иштери жүрүүдө», — деди ал.

Мурдараак КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева таштар фундамент куюу үчүн алынып келингенин айткан. Экс-президенттин штабында жүргөн «Клооптун» журналисттери кабарлашкандай, таштардан тышкары Атамбаевдин резиденциясына темир тосмолор алынып келинген. Ошондой эле резиденцияда ширеткичтер иштеп жатат.

Мунун бардыгы Атамбаевдин айланасындагы кырдаалдын оорлошуп кеткенинин шартында болууда. Башкы прокуратура менен парламент мурдагы президентке өлкөнүн башчысы болуп турганда кылмыш жасаган деген айыптарды таккан.

Парламенттин депутаттары Атамбаевди Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияга, жерлерди мыйзамсыз алууга жана 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна айыптап жатышат. Атамбаев кол тийбестик макамынан кол жууп калышы мүмкүн — бул маселени депутаттар чечиши керек.

Бул Атамбаевдин Жээнбеков менен араздашуусунун жыйынтыгы болуп калды. Саясатчылардын ортосундагы чыр-чатак 2018-жылдын мартында башталган.

Ал учурда Атамбаев саясатка кайтып жатканын расмий жарыялап, мураскерин коррупцияга каршы натыйжасыз күрөшүп жатат деп сынга алган.