Путиндин басма сөз катчысы Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну «өлкөнүн ички иши» деп атады

Владимир Путин жана анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков. Сүрөт: interfax.ru

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия Кыргызстандын ички иштерине «кийлигишпейт» деп билдирди. Песков парламенттин Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажыратуу чечимине ушинтип комментарий берди.

«Бул ар бир өлкөнүн толук бойдон ички иши, Кыргызстандын ички иши. Биз бул иштерге кийлигишүүгө кымындай да ниетибиз жок жана андай кыла да албайбыз», — деп келтирет Песковдун айткандарын Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги.

Песков кошумчалагандай, кол тийбестиктен ажыратуу практикасы тууралуу сын тагуу «туура эмес, анткени ар бир өлкөнүн өзүнүн практикасы болот».

Парламент 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажыратты. Эми мурдагы президентти кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн, ошондой эле ал бардык артыкчылыктарынан да ажырайт. Атамбаев азырынча аны кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу депутаттардын чечимине комментарий бере элек.

Ошентип парламентарийлер башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айыптоочу корутундусун колдоп беришти. Буга чейин ал корутундуну депутаттык комиссия даярдаган. Башкы прокуратура Атамбаев президент болуп турган кезинде жасаган беш кылмыштын белгилерин тапкан.

Негизинен Атамбаевди Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция, жерлерди мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукавдин мыйзамсыз бошотулушу, ЖЭБге мыйзамсыз көмүр жеткирүүгө байланышы бар болушу жана компанияларды аффилирлөө менен ээлеп алуу боюнча айыпташууда.

Атамбаев дарегине тагылган айыптарды «былжырак жана айың кеп» деп атаган. Экс-президент мураскери Сооронбай Жээнбеков «тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты» деп кошумчалаган.

Ошондой эле Атамбаев Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыптоолорго карата Орусиянын президенти Владимир Путиндин реакциясына үмүт кылаарын билдирген.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу чечимин кабыл алуунун шартында экс-президенттин Кой-Таштагы үйүнүн жанына эл чогулуп, аны коргоого даяр турушканын айтышкан. Атамбаевдин хан сарайынын жанына бетон тосмолору орнотулуп, таштар төгүлгөн.

Бул Атамбаевдин Жээнбеков менен араздашуусунун жыйынтыгы болуп калды. Саясатчылардын ортосундагы чыр-чатак 2018-жылдын мартында башталган. Ал учурда Атамбаев саясатка кайтып жатканын расмий жарыялап, мураскерин коррупцияга каршы натыйжасыз күрөшүп жатат деп сынга алган.

ТЕМА БОЮНЧА: