Бишкектен Оштогу атасына жөнөгөн эки кыздын окуясы сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Алар эжесинин ур-токмогуна даттанышкан

Материал саат 14:55те жаңыртылды

Бишкектен Оштогу атасына жөнөгөн эки өспүрүм кыздын окуясын шаардык милиция «Майда бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алды. Кыздар буга чейин эжесинин ур-токмогуна арызданышкан.

Бишкек ШИИБнин басма сөз катчысы Сайкал Садыбакасованын «Клоокпо» билдиргендей, бир туугандар Жаштарды жана балдарды реабилитациялоо борборунда болушууда.

Акыйкатчы аппаратынан кыздардан атасы аларды багуудан баш тартканын кабарлашты. Өспүрүмдөрдү карап жаткан эжеси да мындан ары карабай турганын билдирген. Аппарат кыздарды балдар үйүнө жайгаштыруу үчүн Бишкек шаардык мэриясына жардам сурап кайрылган.

Бишкектен Ошко атасына жөнөгөн өспүрүм кыздар тууралуу 20-июнда Акыйткачы аппаратына Бишкектин Батыш автобекетиндеги таксилердин айдоочулары кабарлашкан. Анда жети жана он бир жаштагы бир туугандар Ош шаарындагы атасына жеткирип коюуну суранып жатышканын айтышкан.

Автобекетке акыйкатчынын орун басары барып, кыздарды Жаштарды жана балдарды реабилитациялоо борборуна жеткирген. Кыздар Бишкекте атасынын карындашы менен жашап жатышканын жана эжеси аларды токмоктоп тургандыктан атасына кетүүнү чечишкендерин айтып беришкен.

Акыйкатчы аппаратынын Оштогу өкүлү Шамбет Касымов кыздардын Отуз-Адыр айылында жашаган атасынын туугандарын тапкан. Алардын апасы үч жыл мурун каза болгону аныкталган. Үй-бүлөнүн жашаганга өз үйү жок болгондуктан, атасы чоң уулун агасына, кичинекей эки кызын карындашына бергени маалым болгон. Ал өзү Бишкекте иштеп жүргөнү айтылган.