«Биз жакшы иштеп жатабыз» — спикер парламенттин сынга алынышынын себебин түшүндүрүп берди

Дастан Жумабеков. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков депутаттар «абдан жакшы иштеп жатышкандыктан» кыргызстандыктар аларды сынга алып жатышат деп билдирди. Ал парламенттин таркатылышы тууралуу идеяны колдобой турганын баса белгилеп, депутаттар өз милдеттерин аткарып жатышканын айтты.

Ошондой эле спикер 120 адам — бул кыргыз парламенти үчүн депутаттардын жетиштүү саны деп айтты.

«Кээ бир өлкөлөрдүн парламенттеринде дээрлик 150 депутат бар. Эгер бизде депутаттар аз болсо, эл өкүлдөрү президенттин таасирине кабылып калышы мүмкүн», — деп келтирет Жумабековдун айткандарын Kaktus.Media.

28-июнда депутаттар каникулга тарашкан. Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратышкан күндүн эртеси болду.

Парламент Атамбаев өлкө башчысы болуп турганда ага ар тараптуу колдоо көрсөтүп турган. Бирок ал бийликти мураскери Сооронбай Жээнбековго өткөрүп бергенден кийин парламент жаңы президент тарапка өтүп кеткен.

Эс алууга чыгаардан мурун Жумабеков билдиргендей, бийликтин баары Атамбаевдин колунда болгондуктан депутаттар аны колдоого аргасыз болушкан.

«Адамды эмнеге сен ошондо унчукпай, [Атамбаевге каршы] бүгүн эле чыга калдың деп айыптаган болбойт. Анда жагдай ошондой болгон», — деп түшүндүргөн спикер.

Ал буга чейин да Атамбаевге даректелген сын-пикир менен сөз сүйлөп чыккан. Анда мурдагы президент кызматынан кеткенден кийин да бийликти өз адамдары аркылуу «көзөмөлдөп» турган деп билдирген.