Атамбаевдин элдик штабынын мүчөсү финполго суракка чакырылды

Алга Кылычов. Сүрөт: «АКИпресс»

Каржы полициясы 4-июлда КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычовду суракка чакырды. Бул тууралуу КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Мындан тышкары Кылычов Элдик штабдын да мүчөсү. Бул штаб мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы резиденциясында кайтарып жатат.

«Тынчтык митингинен кийин бийлик экс-президенттин жанында калган адамдарды отургуза баштайт! Атамбаев Сооронбайда жана бардык Жээнбековдордо кичине болсо да кең бейил калган деп үмүттөнүп келген! [...] Сокеге ишенбеш керек! Соке, кет!» — деп пикирин билдирди КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина Кылычовдун суракка чакырылышы боюнча.

Материал жарык көрөөр алдында финполдун басма сөз кызматы Кылычов кандай иш боюнча суракка чакырылганы тууралуу комментарий берген жок.

Кылычов апрелде каржы полициясы ага каршы «саясий жүйөөлөр боюнча» кылмыш ишин ачканын билдирген. Анын айтымында, иш 2016-жылы жетектеген мамлекеттик «Дан» мекемесине байланыштуу болгон.

Ал 2017-жылы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үстүнөн арыз жазганы менен белгилүү. Арызга Бабановдун шайлоо алдындагы жарышында айткан сөздөрү себеп болгон. Анда саясатчы улуттар аралык кастыкка чакырган делген. 2019-жылдын апрель айынын ортосунда ал Бабановдун үстүнөн жазган арызын кайтарып алган.

Кылычов Сооронбай Жээнбековдун штабындагы адамдардын өтүнүчү боюнча саясатчынын үстүнөн арыз жазганын билдирген. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Жээнбеков Бабановдун башкы атаандашы болгон.

Атамбаевдин тарапташынын айтымында, эл аралык эксперттер Бабановдун сөзүндө улуттар аралык жаңжалды козута турган чакырыктар жок деп бүтүм чыгарышкандан кийин арызды чакыртып алууну чечкен. Арыз чакыртылып алынган учурда КСДП Атамбаев менен бирге Жээнбеков башында турган бийлигине каршы оппозицияга кеткен. Учурда аталган иш боюнча Бабановго каршы кылмыш иши токтотулган.