«Коопсуз шаар»: Кайгуул милициясы штрафттарды төлөөдөгү көйгөйлөрдөн улам машиналардын ишеним каттарын убактылуу кайтарууну сунуштады

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) маалымдагандай, «Коопсуз шаар» долбоорунун төрт айлык ишинде ведомствого 10 миңден ашуун кыргызстандык автоунааларга берилүүчү ишеним каттын жокко чыгарылуусуна даттанып кайрылган.

Ишеним кат боюнча машинаны сатып алган жаңы автоунаа ээлери жол кыймыл эрежелерин бузгандыгы үчүн штрафтарды транспорт каражаттарынын мурдагы кожоюндары алып жатышкан. Алар жаңы автоунаа ээлерин таба алышпай, ЖКККББдан жардам берүүнү өтүнүшкөн.

Муну ишке ашыруу үчүн ведомство автоунааларды башкарууга ишеним катты беш айга кайтарууну сунуштайт — 2019-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин. ЖКККББ токтомдун долбоорун өкмөттүн аппаратына жөнөттү.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке кире электе, 2019-жылдын башында өкмөт автоунааларды каттоого каралган тарифтерди бир нече эсеге азайткан. Бул ишеним кат боюнча машина сатып алган автоунаа ээлерине траспортту өзүнө каттатып алууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн жасалган. Бийлик машина кимге катталган болсо, штрафтар ошол адамдарга келип турат деп билдирген.

Жол кыймыл эреже бузууларды аныктап турган «Коопсуз шаар» долбоору азырынча Бишкекте жана Чүй облусунда гана иштейт. Эреже бузган айдоочуларга штрафтар 2018-жылдын мартынан тарта жазыла баштаган.

Бийлик 2019-жылдын аягына чейин «Коопсуз шаар» долбоорун өлкө боюнча киргизүүнү каалап жатат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, өлкөнүн жолдорунда 270ге чукул камера жана 40 көчмө мобилдик комплекс пайда болот.