Милиция Бишкекте нигериялыкты сабаган шектүүнү кармады

Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз кызматы Нигериянын жаранын токмоктогонго шектелген адам кармалгандыгы тууралуу 3-июль күнү кечинде билдирди. Ал Чүй облусунда туулган 22 жаштагы бала болуп чыкты. Ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилди.

Милиция «Саламаттыкка оор залал келтирүү» беренеси боюнча тергөө ишин баштады.

Нигериялык Тижжани Али Абубакирге 2-июлда Бишкектин борборундагы ЦУМдун жанында кол салуу болгон. Ал соккудан улам жыгылганда башы жерге урунуп, эс-учун жоготкон. Күбөлөр тез жардамды чакырып, жабырлануучу Республикалык улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Азыр чет өлкөлүк комада, врачтар анын абалын «оор» деп баалашууда.

Мурдараак премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевге Нигериянын жаранын сабаган күнөөлүүлөрдү тез арада таап, «мыйзам жоопкерчилигине тартууну» тапшырган.