Түркиянын ЖМКлары кыргызстандыктын өлүмү тууралуу кабарлашты

Haberler басылмасынын видеосунан алынган скриншот

Кыргызстандыктын өлүмү тууралуу биринчилерден болуп Түркиянын Haberler басылмасы жазып чыкты. Журналисттердин маалыматына ылайык, окуя 7-июлда Аланья шаарында болгон.

Басылманын маалыматына ылайык, кыргызстандык менен белгисиз кишинин ортосунда кайым айтышуу башталып, ал мушташка айланган. Жаңжалдын натыйжасында кыргызстандык тапанчадан жарадар болуп, ал эми шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.

Жерине келген тез жардамдын врачтары кыргызстандыктын өлүмү тууралуу билдиришип, маркумга жардам көрсөтө алышкан эмес. Полицейскийлер видеокамералардан алынган жазууларды изилдешип, шектүү адамды тез эле коңшу райондон кармашкан. Тергөөчүлөр эркек кишиге карата ок атылган божомолдуу тапанчаны да табышкан.

Адам өлтүрүүгө эмне түрткү бергени азырынча белгисиз. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кененирээк маалыматты кийичерээк берүүнү «Клоопко» убадалашты.