Ысык-Көл: Милиция лагерде эки адамды өлтүргөн шектүүнү төрт күндөн бери издеп жатат

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Клоопко» билдиргендей, шектүү лагердин айланасындагы жерлерди «абдан жакшы» билгендиктен издөө иштери созулуп жатат.

«[Алдын ала версия боюнча], ал адамдарды мас абалында болуп турганда өлтүргөн. [Өлтүрүүгө эмне түрткү болгонун] аны кармагандан кийин айтып бере алабыз», — деди Усубакунов.

Эки адамды өлтүрүү «Хан-Теңири» лагеринде 4-июлда болгон. Милициянын маалыматына ылайык, күзөтчү «Вепрь» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен лагердин башчысынын орун басарын төшүнө атып, андан кийин бир жумушчунун ичине ок чыгарган.

Кийинчерээк ал бир аялды барымтага алып, тоолорго качып кеткен. Бир нече сааттан кийин шектүү аны коё берип изин жашырган.

ТЕМА БОЮНЧА: