«Кээ бир жерден жол эрежесин бузууга туура келет». МККнын башчысы штрафтардын суммасын азайтууну колдоп чыкты

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) башчысы Алмаз Мамбетов жол кыймыл эрежелерин бузууга салынган айыптардын суммасы «негизсиз жогору» деп билдирди. Ал журналисттерге маалымдагандай, Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда жол кыймыл эрежелерин бузгандыгы үчүн бир нече штрафтарды алган.

«Кээ бир жерден [жол эрежесин] бузууга, кээ бир жерде ылдамдыкты ашырууга туура келет. Өзгөчө Бишкек — Балыкчы жолунда. Мага бир нече “бакыт каттары” келген. Ошондуктан депутаттардын штрафтарды төмөндөтүү сунушун колдойм», — деп айтты МККнын башчысы.

Бирок ал «Коопсуз шаардын» аркасы менен жолдордогу кыймылдар тартипке салынды деп кошумчалады.

Ошол эле күнү «Коопсуз шаар» долбоорунун жетекчиси жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары Кубаныч Шатемиров да өзүнүн фейсбук барагында жол кыймыл эрежесин бузгандыгы үчүн штраф алганын жазган.

«Система иштеп жатат, өз натыйжаларын берүүдө. Достор, ылдамдык режимин, деги эле жол кыймыл эрежелерин сактагыла!» — деп жазган Шатемиров.

https://www.facebook.com/kuba.temirov/posts/2887165701354756

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев май айынын башында жумушчу топко жол кыймыл эрежелерин бузууга коюлган штрафтардын өлчөмдөрү канчалык негиздүү экендигин изилдөөнү тапшырган.

Азыр жол кыймыл эрежелерин бузгандыгы үчүн айдоочуларга 1000 сомдон 5550 сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн. Парламенттин депутаттары өлкөдөгү маяналардын төмөн болушун эске алуу менен бир нече жолу штрафтарды төмөндөтүүнү сунушташкан.

Кээ бир укук коргоочулар штрафтардын суммасын азайтууга каршы чыгышкан. Себеби анын натыйжасында жол кыймыл эрежелерин бузгандардын саны көбөйүп, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна таасир этет деп эсептешкен.

Жол кыймыл эреже бузууларды аныктап турган «Коопсуз шаар» долбоору азырынча Бишкекте жана Чүй облусунда гана иштейт. Эреже бузган айдоочуларга штрафтар 2018-жылдын мартынан тарта жазыла баштаган.

Бийлик 2019-жылдын аягына чейин «Коопсуз шаар» долбоорун өлкө боюнча киргизүүнү каалап жатат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, өлкөнүн жолдорунда 270ге чукул камера жана 40 көчмө мобилдик комплекс пайда болот.

ТЕМА БОЮНЧА: