Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) дарыгерлик комиссиясы мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын акыбалын билүүгө ТИЗО-1дин медициналык-санитардык бөлүмүнө барып келди. Алардын айтымында, Салянованын абалы «канааттандырарлык» жана ал ооруканага жаткырылууга муктаж эмес.
Бирок мурдагы башкы прокурордун адвокаты Рабига Садыкованын айтымында, Салянова өзүн абдан начар сезип жатат. Анын ою боюнча, жүрөктүн кемтиги менен ооруган адамды ТИЗОдо кармоо кыйноого барабар.
«Анын ден соолугу бир кыйла начарлаган. Бул аны аягына чейин даарылабастан эле шашылыш чыгарып салышкандары үчүн болгон. Албетте, врачтарга ИИМдин кызматкерлери басым кылышкан. Ушинтип алар медиктерди да саясатка аралаштырып жатышат», — деп келтирет «Азаттык» адвокаттын айткандарын.
Эми Салянованы Кыйноолордун алдын алуу боюнча борборунун адистери келип кабар алуулары керек.
Буга чейин Аида Салянова Улуттук кардиология борборунда даарыланган. Ал ооруканада эки аптадан ашык убакыт жаткан — 15-июндан 29-июнга чейин. ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабаратова маалымдагандай, Салянова ооруканадан чыгарылгандан кийин ТИЗОдо врачтар жазып берген режим сакталып жатат.
«Ал бул жерде врачтардын көзөмөлүндө жатат. Анын абалы начарлады деп айтуу туура эмес. ЖАМК кыйноолорго жана ырайымсыз мамилеге жол бербейт», — деди ал.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова июндун башында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотолушу тууралуу иш боюнча кармалган. Ошол эле күнү сот аны ТИЗО-1ге киргизүү чечимин чыгарган. Бирок анын кичинекей баласы бар жана ал жүрөгү оорулуу экендигин айтып чыккан. Сот Салянованы 26-августка чейин абакта калтырган.