Бишкек: Шаардык кеңеш суунун тарифин бир жарым эсеге жогорулаткысы келет

Бишкек шаардык кеңеши 4-июлда сууга жана канализацияга болгон тарифтерди жогорулатуу тууралуу долбоорду коомдук талкууга чыгарды.

Эгер аталган сунуш кабыл алынса, анда таза суунун бир куб метри бишкектиктер үчүн бир жарым эсеге кымбаттайт — 5,38 сомдон 8,1 сомго чейин. Бюджеттик уюмдар үчүн тариф 7,38 сомдон 9,1 сомго, ал эми башка уюмдар үчүн 9,15 сомдон 13 сомго чейин жогорулатылат.

Ошондой эле, депутаттар каналазацияга болгон тарифти да көтөрүүнү сунушташты — анын баасы 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бааларды көбөйтүү боюнча сунуштун себебин депутаттар азыркы тарифтер өзүн-өзү актабайт деп түшүндүрүштү.

«Суу түтүк жана канализациянын кызмат көрсөтүүлөрүнө колдонулуп жаткан тарифтери керектүү деңгээлде эксплуатацияны ишке ашырууга, [...] жабдыктарды [...] суу түтүк-канализациялык тармактарды реконструкциялоого мүмкүндүк бербейт», — деп айтылат шаардык кеңешинин токтомунун маалымкат негиздемесинде.

Мэриянын маалыматы боюнча, «Бишкек суу канал» акыркы жылдары 80 млн сомдон ашык чыгым тартып жатат.