Текебаевдин омурткасына операция жасалат

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун директору Сабырбек Жумабеков «Азаттыкка» маалымдагандай, соттолгон саясатчы Өмүрбек Текебаевге грыжадан улам операция керектелет.

«Мурда белинен операция болгон экен. Ал жерде дагы эки грыжа чыгып, омурткалары да бошоп калган. Операция жасайлы десек жүрөгүндө да маселе бар экен», — деди Жумабеков.

Ал Текебаевди кардиологдор карап жатканын, андан кийин операция жасалаарын кошумчалады.

Өмүрбек Текебаев «Коррупция» беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган, бирок мунапыска байланыштуу жаза өтөө мөөнөтү 4,5 жылга кыскарган. Саясатчы жаза өтөп жаткан убакыт аралыганда ооруканага дарылануу үчүн бир нече жолу жаткарылган.

Кыргызстандын Жогорку соту Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар пайда болгондон улам анын ишин 21-августта кайра карайт. Анын жактоочулары орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин жалган көрсөтмөлөрү тууралуу билдирүүлөрдөн кийин Текебаевдин ишинин кайра каралышын талап кылышкан. Маевскийдин көрсөтмөлөрү оппозиционерге каршы козголгон кылмыш ишине негиз болгон.

Текебаев күнөөнү мойнуна алган эмес жана өзүнүн ишин «саясий жүйөөлүү» деп атаган.