Бишкек мэриясы: Суунун тарифи жогорулатылбаса, түтүктөрдү алмаштыра албай калабыз

Бишкектин бийлиги билдиргендей, муздак суунун тарифин кымбаттатыш керек, анткени тургундардан түшүп жаткан акчалар эскирген жабдууларды алмаштырууга жетпейт.

«Тармактар менен курулмалардын эскилиги жеткени суу менен камсыз кылуучу түзүлүштүн үзгүлтүккө учурашына алып келет, аларды калыбына келтирүү үчүн бир кыйла каржы жана эмгек ресурстары керектелет», — деп түшүндүрүштү мэриядан.

Мэриянын маалыматы боюнча, Бишкектин бардык суу туннелдери менен канализациялык түзүлүштөрдүн жарымынан көбү эскирген, ал эми «Бишкек суу каналы» чыгашалардын айынан аларды алмаштыра албайт.

«2017-жылы [чыгашалар] 94,2 млн сомду, ал эми 2018-жылы 89,8 млн сомду түзгөн [...] Мындан тышкары, сууну тазалоочу реагенттер, күйүүчү-майлоочу материалдар кымбаттап кеткен. Муну менен бирге жыл сайын инфляция өсүп, валюталар курсу жогорулап жатат», — деп билдиришти мэриядан.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши сууга жана канализацияга болгон тарифтерди жогорулатуу тууралуу долбоорду коомдук талкууга чыгарган.

Эгер аталган сунуш кабыл алынса, анда таза суунун бир куб метри бишкектиктер үчүн бир жарым эсеге кымбаттайт — 5,38 сомдон 8,1 сомго чейин. Бюджеттик уюмдар үчүн тариф 7,38 сомдон 9,1 сомго, ал эми башка уюмдар үчүн 9,15 сомдон 13 сомго чейин жогорулатылат.

Ошондой эле, депутаттар каналазацияга болгон тарифти да көтөрүүнү сунушташкан — анын баасы 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бааларды көбөйтүү боюнча сунуштун себебин депутаттар азыркы тарифтер өзүн-өзү актабайт деп түшүндүрүштү.