10 млн сом. ИИМдин аткаминерлери «Азия-Ньюс» гезитин сотко беришти

«Азия-Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев «Клоопко» ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев аны сотко беришкенин билдирди.

«Жунушалиев сотторду тыңшоо жүргүзгөн жетинчи бөлүм менен коркутуп жатат», — деп айтты Сартбаев. Анын айтымында, министрдин доосуна гезиттеги коллаж себеп болгон.

«Биз Кашкар Жунушалиевдин сүрөтүнө коллаж жасаганбыз. Анда “Кашкар — крысабы?” деп суроо коюлган. Ал жерде “крыса” деп айтылган эмес», — деп түшүндүрдү Сартбаев.

Ал ушундай эле сүрөт Матмусаевге ишкер жана аткаминерлерди аңдып жатасыңбы деген суроо менен узатылып жарыяланганын кошумчалады.

«Мен аларды күнөөлөгөн эмесмин. Эгерде калоолору болсо, жооп беришет болчу. Бизде аңдуулар боюнча далилдер бар, аларды сотто жарыялайм. Генерал Өмүрбек Субаналиев да ушул боюнча көрсөтмө берүүгө даяр. Бир кезде анын артынан да аңдышкан», — деди Сартбаев.

Материал жарык көрөөр алдында ИИМдин басма сөз кызматы комментарий алуу үчүн жеткиликтүү болгон жок.

Юрист Динара Аширалиева «Азаттыкка» билдиргендей, ИИМдин аткаминерлеринин гезитти сотко берүүсүнө «маалыматтардын чындыкка дал келбегени жана коллаж» себеп болгон.

«“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамы боюнча элге таратылган маалымат үчүн редактордун жоопкерчилиги каралган. Максат 5 млн сомдо эмес. Журналисттер кесиптик ыйгарым укуктарын аткарып жатканда мыйзамды, этиканы сактап, фактыны текшерип, анан чыгарыш керек. Бул этика жана мыйзамдын талабы», — деди ал.

Жунушалиев менен гезиттин редакциясынын ортосундагы иш боюнча сот отуруму 19-июлда болуп өткөн. Сот гезиттин кызматкерлери жарыяланган сүрөттөр менен макалалар боюнча түшүндүрмө бериши керек деп чечкен.

Жунушалиев менен Матмусаев «Азия-Ньюс» гезитине каршы доо койгон биринчи аткаминерлер эмес. Буга чейин ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров да 10 млн сом талап кылып, кийин доосун чакыртып алган.

2018-жылдын күз мезгилинде гезит сот тарабынан парламенттин мурдагы спикери Ахматбек Келдибаевге 1 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. Бирок Келдибеков аталган каражатты алуудан баш тарткан.

Авторлошу: Элвира Султанмурат кызы