Финпол: Матраимовдор 24 млн сомдук салыкты жашырышкан

Каржы полициясы Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу компаниялар 24,2 млн сом салык төлөшпөгөндөрүн аныктаган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (ЭКККМК же финпол) билдиргендей, «Т.Т.», «Д.Т.» жана «ТКА.» аттуу үч компания 18 млн сомдук салык төлөгөн эмес.

Биринчи эки компания «Тарим Транс» жана «Делюкс Транс» деген компаниялар болушу мүмкүн. Бул компаниялар менен ага-ини Матраимовдордун бирөөсү байланыштуу болгон — Руслам Матраимов.

Мындан тышкары, тергөөчүлөр Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Турганова эмгектенген «E.E.S.» компаниясы 6,2 млн сомдук салыкты жашырганын аныкташкан. Финпол бул акчалардын орду текшерүүнүн жыйынытыгы боюнча толтурулганын кабарлады.

Финполициянын маалыматы боюнча, Матраимовдун аялы Ысык-Көл облусундагы коттежге жана «Лексус GX 460» машинасына ээлик кылып, үч батирди сатуу боюнча келишим түзгөн — экөөсү Бишкекте, бирөөсү Ошто.

Каржы полициясынын маалыматына ылайык, Райымбек Матраимовго Бишкек менен Оштогу эки батир, апасы Апиза Матраимовадан мураска калган Оштогу коттеждин ⅓ бөлүгү (сөз Супаналиев 15 дареги боюнча жайгашкан коттеж жөнүндө болушу мүмкүн — «Азаттыктын» кабарчылары дал ушул үйдү тартышкан) таандык.

Ошондой эле, финпол Матраимовго Ош облусундагы жер тилкеси жана Чүй облусундагы бир үй таандык экенин аныктаган. Бул мүлктөр кийинчерээк жакын туугандарына өткөрүлүп берилген.

Каржы полициясынын маалыматы боюнча, Матраимовдордун жогоруда айтылган мүлктөр — бул Кыргызстанда гана табылган мүлктөр. Алардын мүлктөрүн чет өлкөдөн табуу үчүн тергөөчүлөр ар кайсы өлкөлөргө сурамдарды жөнөтүшкөн.

Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен 2019-жылдын январынын аягында башталган — ага 2018-жылдын аягында болуп өткөн жыйынтыктоочу басма сөз жыйыны учурунда эмне үчүн «Азаттыктын» бажыдагы аткаминердин байлыгы тууралуу материалына эч кандай реакция жок деп суроо узатышкан.

Кийинчерээк, 2019-жылдын май айында «Азаттык» Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долларга жана Матраимовдордун атасынын урматына аталган фондго акча которууларга Матраимовдун тиешеси болушу мүмкүн делген материал чыгарган.

Райымбек Матраимов — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өзүнүн мураскери Сооронбай Жээнбеков менен араздашуусунун себептеринин бири. Атамбаевдин убагында Матраимов Бажы кызматынын башчысынын орун басарлык кызматынан бошотулган.