Медакадемиянын бүтүрүүчүлөрүнүн оңдолгон дипломдорунда кайрадан ката табылды

«Спутникке» жөнөтүлгөн сүрөт

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) бүтүрүүчүлөрү дипломдордогу жаңы каталар тууралуу «Спутник» басылмасына билдиришти. Бул дипломдор катасы бар эски документтердин ордуна берилген.

Мисалы, барактардын биринде «легализациаялоо» деп жазылган, бирок туурасы «легализациялоо» болмок.

«Учкун» басмаканасынан «Клооптун» журналистине билдиришкендей, оңдолгон дипломдордогу каталардын бар болушуна алар күнөөлүү эмес, анткени дипломдордун текстинин электрондук версиясын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен.

Бирок, билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан ар бир университет ведомствонун кийлигишүүсү жок эле басмакана менен иштейт деп «Клоопко» билдиришти.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын администрациясынан катасы бар дипломдорду өз эсебинен оңдоп беришээрин айтышып, бирок документти кайра басуу талабы менен арыз жазышкан студенттерге гана алмаштырышаарын кошумчалашты.

КММАнын бүтүрүүчүлөрү дипломдорунда каталарды биринчи жолу таап жатышкан жок. Мурдараак студенттер катаны дипломдордун кыргызча сөзүнөн табышкан. Анда «Окууга кирди» дегендин ордуна «Окуугу кирди» деп жазылып турган.

Ошондо документтердеги каталарга 600дөй студент даттанышкан, университеттин ректораты болсо дипломдорду басмакананын эсебинен оңдоп берүүнү убадалаган.