Жээнбеков: Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө турат

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Баткен облусунун чек арага чектеш Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушуп, аймактагы кырдаал анын «жеке көзөмөлүндө» турганын билдирди.

«Сиздердин коопсуздугуңуздар жана өлкөнүн кызыкчылыктары биринчи планда болот. Азыркы учурда бардык чек ара маселелерин чечүү боюнча иштерди активдүү жасап жатабыз», — деп айтты өлкө башчысы.

Жээнбеков убадалагандай, «август айында» чек арага чектеш жайгашкан айылдарда өрт жана куткаруу кызматтарын жайгаштыруу үчүн имараттар курулат, жергиликтүү тургундар тез жардамдын жаңы автомашинасы менен камсыз болот. Мындан тышкары, таза суу менен камсыз кылуу үчүн жаңы насостук станция жана бир нече мектептин курулушу башталаарын убадалады.

«Социалдык маселелер чечилет. Баарынан маанилүүсү — сиздерди провокаторлордун чагымчыл аракеттерине алдырбоого чакырам. Күч органдарынын кызматкерлери менен эриш-аркак аракет кылыңыздар. Элибиз байыртадан кең пейил, меймандос эл. Биз коңшу өлкө менен жакшы мамилени сактоого, бекемдөөгө умтулушубуз керек. Чыр-чатактын кайсынысы болбосун — зыян гана алып келет», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал элди «сабыр күтүп, токтоо болууга» чакырды. Жээнбеков Ак-Сайдын жашоочулары менен жолуккандан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Исфара шаарына жөнөдү.

Чек арадагы чыр

Эки президенттин жолугушуусу кыргыз Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортосундагы чек арадагы чыр-чатактын шартында болууда.

Чек арага чектеш жайгашкан аймактагы жаңжал 22-июль күнү башталган. Кыргыз бийлигинин акыркы маалыматы боюнча, жаңжалдан улам 17 кыргызстандык жарадар болуп, айрымдарына ок тийген. Тажик тарап бир киши каза тапканын жана он адам жабыр тартканы туурасында кабарлаган.

Кыргызстандын чек ара кызматы аймактагы абалды 25-июлга карата «салыштырмалуу туруктуу» деп баалаган. Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА: