Прокуратура мыйзамсыз бөлүнгөн жерлер боюнча Түлеевге каршы тергөөнү баштады — ал сурак берүүгө даяр

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев. Сүрөт: RFE / RL

Октябрь райондук прокуратурасы «Ала-Арча» VIP шаарчасындагы мыйзамсыз бөлүнгөн жерлер боюнча Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге каршы тергөө ишин баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Мэриянын кызмат адамдары пайда көрүү максатында кызматтын кызыкчылыгына каршы жер мыйзамдарын бузуп, Түлеев [ал мэр болуп турган учурда] менен аффилирленген адамдарга жер тилкелерин беришкен», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Түлеев өзү 24.kgге курган маегинде «актыгына ишенээрин», себеп дегенде жер маселелери анын милдеттерине кирбегенин айткан.

«Бул ишти шаардык кеңештин комиссиясы караган. Кимге кай жерден жер берүү керектигин ошол чечкен. Мен суракка барам. Тергөөдөн качпайм, жашынгыдай мен Атамбаев эмесмин. Бул Алмазбек Атамбаевдин тапшырыгы менен болуп жатканынан күмөнүм жок», — деди Түлеев.

Прокуратуранын маалыматында 2009-жылы алты адам үй курууга 650 чарчы метр жер тилкесин алышканы айтылат. Ошол эле кезде алардын ичинен экөөсү ошол учурдагы калаа башчысы Нариман Түлеев менен афилирленген.

Иштин материалдары 15-июлда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен каттоого алынган.