Атамбаев: Жээнбеков үчүн «бир ууч адамдын кызыкчылыгы» элдикинен жогору

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 31-июлда учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун «мамлекетти сатпастыгы» тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди.

«Азыр бийлик "бир ууч адамдын кызыкчылыгына караганда элдин кызыкчылыгын жогору коёбуз" дейт. Бирок тескерисинче болуп жатпайбы», — деди мурдагы президент.

Ошондой эле Атамбаев өлкөдө «Бакиевдин кандуу режимин реабилитациялоо» аракети жүрүп атканын айтты. 30-июлда NewTV жана Nur TV телеканалдарында Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиевди жакшы жагынан чагылдырган сюжет көрсөтүлгөн.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков «бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн, бирок элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм» деп билдирген. Ошондой эле ал «ар бирибиз мыйзамга баш ийишибиз керек» жана Атамбаевдин суракка чакырылуусу «мыйзам ченемдүү көрүнүш» деп айткан.

Атамбаев акыркы бир жарым жылдан бери Жээнбеков менен ачык араздашууда болууда — анын бирден бир себеби Матраимовдордун үй-бүлөсү болгон — Атамбаевдин айтымында, Жээнбеков аларды колдойт. Мурдагы президент «Жээнбековдордун-Матраимовдордун» үй-бүлөлүк-кландык башкаруусу тууралуу бир нече жолу айткан.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттыктын» иликтөөлөрүнөн кийин бир нече жолу көңүл чордонуна түшүшкөн — 2017-жылы журналисттер бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнөн кымбат баалуу мүлк менен спорт комлексин табышкан. Ал эми 2019-жылы «Азаттык» Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстандан чыгарылган 700 млн долларга тиешеси бар болушу мүмкүн экенин аныктаган.

Авторлошу: Элзира Түмөнбаева