ИИМ Батукаевдин иши боюнча Атамбаевдин кат түрүндөгү көрсөтмөлөрүн кабыл алуудан баш тартты

Мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева кабарлагандай, Алмазбек Атамбаев тергөөчүлөргө тергөө сырын эске алып, аны ачык жарыялабастан суроолоруна кат жүзүндө жооп берүүнү сунуштаган. Бирок ИИМдин тергөө кызматынан мындай сунуштан баш тартышкан.

«Кыргызстандын экс-президентинин өкүлү ИИМдин тергөөчүлөрүнө биздин сунушту кароого кайтууну сунуштап жатат. Себеп дегенде алар баш тартуу менен ИИМдин Батукаевдин иши боюнча тергөө үчүн керектүү маалыматты алууга ынтызарлыгы жоктугун көрсөтүп жатышат», — деп жазган Жолдубаева.

ИИМ Алмазбек Атамбаевди суракка үч жолу чакырган, бирок мурдагы президент бийлик укук талаасына кайтмайын тергөөчүлөр менен жолугушууга барбастыгын билдирген.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевди суракка чакырууларды «мыйзам ченемдүү көрүнүш» деп атап, анын иши мыйзам чегинде каралашы керектигин билдирген.

«Кандай гана адам болбосун — мурдагы президентпи, чиновникпи, аскер кызматкериби, же катардагы кызматкерби — мыйзам баарына бирдей болуп, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Атамбаевдин иши дагы Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш», — деп билдирген Жээнбеков.

Тергөөчүлөр Атамбаевди суракка парламент аны экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыраткандан кийин чакыра башташкан. Атамбаевди укуктук иммунитетен ажыратуу үчүн Азиз Батукаевдин 2013-жылы мыйзамсыз бошотулуп кетиши бирден бир себеп болгон.

Атамбаевди экс-президенттик макамдан ажыратуу анын Жээнбеков менен 2018-жылы мартта башталган араздашуусунун жыйынтыгы болуп калган. Ал учурда Атамбаев мураскерин коррупция менен натыйжасыз күрөшүп жатат деп айыптап, саясатка кайтып жатканын билдирген.