Депутат саясий партияларды мамбюджеттен каржылоону сунуштады

Бул мыйзам долбоорун КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева даярдап, коомдук талкууга 30-июлда чыгарган.

Мыйзам долбоорундагы сунуш боюнча, эгер саясий партия акыркы парламенттик шайлоодо 2 пайыздан кем эмес добуш алса, анда ал мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. Ошондой эле партия төмөнкү шарттарды аткарууга тийиш:

  • бир жыныстагы талапкерлер 60 пайыздан көп эмес болгондо, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүктүн айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш;
  • 35 жаштан улуу эмес талапкерлер 20 пайыздан кем эмес болгондо;
  • ар түрдүү этноско таандык талапкерлер 20 пайыздан кем эмес болгондо;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын 3төн кем эмес талапкерлиги болгондо;
  • партиянын ишмердиги тууралуу толук отчёттуулук өз убагында берилгенде.

Депутаттын идеясы боюнча, мамбюджеттин каржылоосунун өлчөмү жылдык бюджеттин өлчөмүнүн 0,01 % кем болбошу керек.

«Азыркы учурда бүткүл дүйнөдө саясий партияларды мамлекеттик финансылоо коррупцияны алдын-алуу куралы, саясий партиялардын коомдун турмуштагы маанилүү ролун колдоо жана саясий партиялардын жеке кайрымдуулук кылуучулардан көз карандылыгын кыскартуу үчүн колдонулат», — деп түшүндүргөн өз демилгесин Алтыбаева.

Ошондой эле депутат өз мыйзам долбоорунда негиздөөчүлөрү же акционерлери чет элдиктер болуп эсептеген эл аралык жана башка уюмдардын партияларды каржылоосуна тыюу салууну сунуштаган.

Алтыбаева сунуштаган түзөтүүлөр күчүнө кириши үчүн мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүшү керек, ошондой эле парламент документти үч окуудан жактырып, ал эми президент ага кол коюшу керек.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы саясий партиялар өзүн өзү каржылоонун эсебинен күн көрүшөт — аларга башка өлкөлөрдөн, партиялардан, компаниялардан жана жеке адамдардар акча алууга тыюу салынган.