Бийлик Бишкек менен Оштогу аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн жеке бала бакча акыларынын жарымын төлөп берет

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдиргендей, Бишкек жана Ош мэриялары аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн жеке менчик бала бакчалардын акыларынын жарымын төлөөгө жыл сайын 48 млн сомдон бөлүп турат.

Министрлер кабинети 2019-жылдын аягына чейин Бишкектеги бала бакчаларга 1000 баланы, ал эми Ошто 500 баланы жайгаштырууну пландап жатат. Шаар бийликтери ата-энелерден билдирүүлөрдү кабыл алууну башташты.

«Ата-энелер долбоорго катышкан бала бакчалардын ичинен өздөрүнө жакканын тандап, ал жакка багыттама талон ала алышат. Баланын артынан төлөм жөнөтүлөт», — деди Өмүрбекова.

Өтүнмөнү көп балалуу (беш жана андан ашык) жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бере алышат. Эгер үй-бүлө багуучусун жоготуп алган болсо жана кирешеси 12 миң сомдон аз болсо, анда ал үй-бүлө мамколдоого үмүт арта алат. Бул жеңилдиктер ошондой эле ата-энелеринин биринин I же II топтогу майыптыгы бар болсо жана кирешеси 12 миң сомдон аз үй-бүлөлөрдүн балдарына да тиешелүү болот.

Билдирменин формасын жана керектүү документтердин тизмесин Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан тапса болот. Долбоор үч жаштан беш жашка чейинки балдарга арналган.

Статистика боюнча, Кыргызстанда бала бакчалардын жетишсиздигинин айынан беш баланын ичинен бирине гана мектепке чейинки билим жеткиликтүү.

Мамлекеттик бала бакчалар да ашыкча толтурулган, кээ бир үй-бүлөлөргө өз кезегин жылдап күтүүгө туура келет.

Бул маселени чечүү үчүн мамлекет 90-жылдары менчиктештирилген бала бакчалардын имараттарын акырындык менен өз карамагына кайтарууда.

ТЕМА БОЮНЧА: