УКМКнын башчысы Опумбаев отставкага кетүүгө ниеттенүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев отставкага кетүүнү каалап жатканын билдирди. Бул тууралуу Опумбаев 8-августта парламенттин чукул жыйынында айтты.

«Менин күнөөм бар, мойнума алам. Бардык 3,5 миң аскерлерди жумшасак, балким ушундай болмок эмес [...] Алар куралсыз болушкан, бул алардын коопсуздугун камсыз кылмак, баары дурус болмок», — деди Опумбаев.

Анын айтымында, ал кызматтан кетүүгө ниети бар болгонун президент Сооронбай Жээнбековго билдирген.

Опумбаевдин билдирүүсү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо аракетинин шартында айтылды. Бул ишти УКМКнын спецназы 7-август күнү кечинде аткарган. Штурм учурунда атайын бөлүмдүн аскери Үсөн Ниязбеков каза тапкан.