УКМК жабыркаган аскерлерди даарылоого каражат чогултулуп жатканын четке какты

Атамбаевдин тарапташтары менен болгон кагылышууда спецназчы көзүнө жаракат алган. Жаңжалда жалпысынан 98 адам жабыркаган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын ичинен 24ү укук коргоо органдарынын кызматкери болгон. Дмитрий Мотиновдун Kloop.kg үчүн тарткан сүрөтү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлагандай, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда жабыркаган аскерлер үчүн дары-дармек алууга каражат чогултуу иш-чарасы жүргүзүлгөн жок.

«Учурда Кой-Таш айылында жарадар болушкан кызматкерлердин бардыгы ар тараптуу медициналык жардам алышууда жана керектүү дары-дармектер менен камсыздалышкан», — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМК кыргызстандыктарды «жарадар болгон кызматкерлерге ыктымал акча чогултуу акцияларына катышпоого жана ишенбөөчүлүк менен мамиле кылууга» чакырды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу 7-августта башталган. Аны кармоого багытталган биринчи аракет ийгиликсиз болуп, штурм учурунда спецназдын бир кызматкери каза таап, ондогон адам жарадар болгон.

Атамбаев бийликке 8-августта көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшүп берген. Аны УКМКга суракка жеткиришип, андан кийин коррупция боюнча айып тагып 26-августка чейин камакта калтырышкан.

Эки күнгө созулган Кой-Таштагы жаңжалда дээрлик 100 адам ар кандай оор даражадагы жарааттарды алышкан, алардын ичинен 24ү — укук коргоо органдарынын кызматкерлери.