Ош милициясы Чүй ОИИБнин башчысынын үй-бүлөсүнө бир күндүк маянасын которот

Самат Курманкулов

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кой-Таштагы атайын операция учурунда жабыр тарткан кесиптеши Самат Курманкуловдун үй-бүлөсүнө финансылык жардам көрсөтүшөт.

«Милициянын полковниги Самат Курманкуловго финансылык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алып, протокол түздүк. Албетте, ал кишиге эч ким карбай койду дегенден алыспыз, бирок анын үй-бүлөсү ушул учурда акча каражатына муктаж деп ойлойбуз», — деп билдирди «Клоопко» Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Курманкулов 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча уюштурулуган милициянын штурмунда башына жаракат алган. Ал чукул ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнө операция жасашып, өпкөсүн жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырышкан.

Консилиум өткөрүлүп Курманкуловду 12-августта Москванын Нейрохирургиялык борборуна которушкан.