Аскер прокуратурасы Курсан Асановдун үйүндө тинтүү жүргүздү

Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов «Клоопко» кабарлагандай, Аскер прокуратурасы министрдин мурдагы орун басарынын батирин 14-августта тинтиген.

«Кечээ күнү сурактан кийин тинтишти, Алмазбек Атамбаев берген делген нерсени издешти. Ал жактан эч нерсе табышкан жок, бирок анчейин көп суммада эмес акчаны алышты — 2000 доллар. Ошол эле маалда жада калса майда купюраларды да алышты. Кошумча үч белекке берилген саатты алышты. Сааттын бирөөсүн Асановго Орусиянын ИИМи белек кылган. Алар эч нерсени далилдей алышпайт», — деди Айткулов.

Буга чейин ЖМКларда Атамбаев Асановго документ жана акчалар салынган кызгылт баштыкты өткөрүп берген делген маалымат таркап кеткен. Бирок Асанов бул маалыматты четке каккан.

Айткуловдун пикиринде, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Асановго каршы кызматтык иликтөө жүргүзүү менен кызмат абалынан кыянат пайдаланган.

«Биз кызматтык иликтөөнүн корутундусун даттанабыз. Жунушалиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы бар, ал кызматынан кыянат пайдаланган, анткени иликтөөнүн тартибин бузган», — деп билдирди Айткулов.

Министрдин мурдагы орун басары суракка 14-августта кызмат абалынан кыянат пайдалануу иши боюнча чакырылган.

Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин «талаптары менен көрсөтмөлөрүн этибарга албай койгон». Ошондой эле ал «өз алдынча чечим кабыл алып», «тергөө органдарынан далилдерди жана документтерди жашырган».

Асановдун кызматтан алынышы

Асановду ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин сунуштамасы боюнча «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткандыгы» үчүн 13-августта ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотушкан. Министрликтен билдиришкендей, Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда «өзүн-өзү пиарлаган». Анын орудуна министрдин орун басарлыгына Памирбек Асанов дайындалган.

ИИМдин версиясы боюнча, Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдүн негизгисин дал ошол Кашкар Жунушалиев жүргүзгөн, ал эми Асанов болсо өзүнө ишенип берилген жерди таштап, тараптар макулдашышкандан кийин Атамбаевди чыгарып кеткен.

Ошондой эле Асановду Атамбаевдин үйүнөн курал-жарактарды бардык процераларды бузуу менен алган жана тергөө аракеттерин камерага тарткан деп айыпташууда.

Асанов өзү ИИМ коюп жаткан айыптарга макул эместигин айтып чыккан. Ал жеке кызыкчылыгын мамлекеттикинен жогору койбогонун жана милдетин аткарганын айткан.

Тема боюнча: Курсан Асанов, пара жана баштык. Эмне болуп жатат?