ИИМ: Кармалган адамдын спецназдын өлүмүнө тиешеси бар-жогу текшерилүүдө

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган адам 7-8-августтагы окуялардын активдүү катышуучусу болгон. Ал учурда күч түзүмдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга операциясын өткөрүшкөн, тарапташтары болсо аларга каршылык көрсөтүшкөн.

Мурдараак ЖМКлар «Альфа» атайын багыттагы бөлүгүнүн башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязалиевдин өлүмүнө шектүү кармалганын маалымдашкан. А бирок ИИМден «кармалгандын адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген маалымат» текшерилип жатканын билдиришти.

Мындан тышкары, министрлик Ниязбеков өз куралынан өлтүрүлгөн деген маалымат чындыкка жатпастыгын кабарлайт.

«Алынган курал-жарактардын бардыгына трассологиялык жана баллисстикалык экспертизалар дайындалды. Экспертизаныны жыйынтыктары азырынча даяр боло элек», — деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуунун биринчи күнү 7-августта түнкү маал каза тапкан. Анын артында алты баласы жана жубайы калды.