Милиция ЖМКлардан Атамбаевдин үйүн штурмга алууда тартылган видео материалдардын баарын берүүнү суранды

ИИМдин «Клоопко» берген сурамы

ИИМдин тергөө кызматы 13-августта «Клооптун» редакциясынан 6,7 жана 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин резиденциясында тартылган видео материалдар менен сүрөттөрдүн бардыгын берүүнү суранды.

ИИМ «укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кармоого шектүүлөрдү табыш үчүн» сурам жөнөткөн — Атамбаевдин тарапкерлери 7-августта мурдагы президентти кармоо боюнча операциясын аткарууга аракеттенген «Альфанын» спецназчыларын туткунга алышкан.

«Клооптун» редакциясы өз операторлору 7-августтан 8-августка караган түнү Кой-Ташта жана Атамбаевдин резиденциясында кагылышуу учурунда тартып келген видео материалдарынын бардыгын басылманын расмий YouTube каналына ачык колдонууга жайгаштырды.

Сурамга карата берилген расмий жоопто редакция аталган видеоматериалдарга шилтемелерди көрсөттү, бирок биз аларды өзүнчө бир физикалык маалымат сактагычтарга (USB-флеш-топтогуч же тышкы диск) жүктөп берүүдөн баш тарттык.

Башка кыргыз онлайн басылмалары — Kaktus.Media, «Спутник», 24.kg — тергөөчүлөр алардан да Атамбаевдин үйүндө тартылган видеоматериалдарды сурашканын «Клоопко» тастыктап беришти.

«Бардык [видео материалдар] эркин түрдө жеткиликтүү — шилтемени ачып, көчүрүп алса болот. Азырынча аларга [басылма] сүрөттөрдү жана шилтемелерди [видеолорго] жөнөтүп-жөнөтүшпөгөнүн билбейм», — деп кабарлашты Kaktus.Mediaнын редакциясынан.

Ал эми 24.kg басылмасынан журналисттердин сүрөт жана видео материалдары ИИМге жөнөтүлөөрүн билдиришти, анткени «бул сурам жана ага жооп бербей коюуга болбойт».

«Спутниктин» редакциясы позициясын жана мындан аркы аракеттерин ачыктоодон баш тартты.

Мурдараак милиция Атамбаевди кармоо операциясынын ийгиликсиз бөлүгүндө спецназдын жети кызматкерин туткунга алгандарды издөөгө жарыялаган.

Жарадар болгон спецназчылар Атамбаевдин үйүндө дээрлик бир сутка кармалышкан. Алар күч кызматкерлери мурдагы президенттин тарапкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин коё берилген.