ИИМ: Салянова тергөө менен кызматташууга каалоосун билдиргенине байланыштуу үй камагына чыгарылды

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, экс-башкы прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасы 15-августта өзгөртүлгөн. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган.

«Салянова тергөө менен кызматташууга каалоосун билдирди. Ушуга байланыштуу камакка алуу бөгөт чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөрүлдү», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Салянова фейсбук баракчасынан элге кайрылып, ага коюлган күнөөлөргө тиешеси жок болгонун билдирди.

«Мен 73 кун камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды», — деп жазган мурдагы башкы прокурор.

Экс-генпрокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 5-июнда ТИЗО-1ге киргизилген. Аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча камакка алышкан. Салянова ага тагылган айыптар менен макул эмес болуп келет.

Батукаевдин бошотолушу боюнча 18 кишиге кылымыш иши козголгон. Алар мурунку жана азыркы аткаминерлер. Ошондой эле 8-августа экс-президент Алмазбек Атамбаев да коррупцияга айыпталып кармалган.

Мурунку вице-премьер-министр Шамил Атаханов Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенден кийин үй камагына чыгарылган.